Жашыл БААУ: Кыргызстандын ЖОЖдору, мектептери жана экоактивисттери арасында "Ылга 2.0" экоквести
25 сентября 2025
Кыргызстан боюнча мектептерден куралган жана студенттик командаларды, ошондой эле экоактивисттердин баарын "Ылга 2.0" экинчи экоквестине чакырабыз!
Экинчи экоквест 2025-жылдын 6-октябрынан 9-ноябрга чейин өтөт.
Биздин квестке катышкыла, тапшырмаларды аткаргыла жана биз менен бирге келечекте эң көп суроо-талапка ээ боло турган кесипкөйлүк ыкма экологиялык ой-жүгүртүүнү өркүндөткүлө, өз ЖОЖуңарда же мектебиңерде лидер болгула жана Кыргызстандын экология тармагында актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бергиле!
Экоквесттин катышуучулары:
- таштандыларды туура башкарууну үйрөнүп, бул жөндөмдөрүн каалаган жерде (мектепте же жогорку окуу жайда, үйдө, жумушта) колдоно алышат;
- жаңы экологиялык билимге жана пайдалуу маалыматка (кошумча адабият, мини-гайд, эскертмелер, чек-листтер) ээ болуп, квесттен кийин да колдоно алышат;
- БААУнун уюштуруучуларынан жана ыктыярчыларынан консультация, жардам жана колдоо алышат;
- өз окуу жайларында же мектептеринде пайдалуу өзгөртүүлөрдү киргизе алышат – таштандыларды бөлүп чогултуу жана экологиялык жаңы адаттардан баштап чыгармачыл эко-иш-чараларга чейин;
- лидерлик, коммуникациялык жана чыгармачыл сапаттарын, долбоорлорду башкаруу жөндөмдөрүн жана убакытты башкаруу көндүмдөрүн өркүндөтүшөт;
- жаңы достор жана башка мектептерден жана жогорку окуу жайлардан санаалаш адамдар менен таанышып, командада иштөөнү үйрөнүшөт;
- Экоквестке катышкандыгы тууралуу БААУнун Жарандык активдүүлүк борбору жана «Жашыл БААУ» программасынын сертификаттарын алышат
Экоквесттин тандалып алынган катышуучулары кыскача окутуудан өтөт жана андан соң аларга бир ай ичинде аткарышы керек болгон тапшырмалар берилет (5 апталык экоквест = 10 тапшырма). Бул квесттин көптөгөн тапшырмаларын сапаттуу жана чыгармачылык менен аткарган командалар жеңүүчү болуп эсептелет жана сыйлыктарга ээ болот – өз жогорку окуу жайында же мектебинде долбоорду өнүктүрүү үчүн акча каражаты, ошондой эле өзүндө «Жашыл клубду» түзүү боюнча жардам. Командалардын суранычы боюнча кошумча жолугушуулар, семинарлар же ар кандай чөйрөдөгү эксперттер менен мастер-класстар уюштурулушу мүмкүн.
ЭКО-КВЕСТТИН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ – 5 мыкты команда – ноябрда калыстар тобу тарабынан аныкталат
- өзүнүн жогорку окуу жайында/мектепте долбоорду өнүктүрүү жана жакшыртуу үчүн акчалай сыйлыктарды алышат (2025-жылдын декабрынан 2026-жылдын апрелине чейин)
- 2026-жылдын жазында чоң экофестивалда сахнадан долбоорлорунын жыйынтыктары жана жетишкендиктери жөнүндө бет ачар жасашат
"Оңой ылга 2.0" экоквестинин уюштуруучулары: Борбор Азиядагы Америкалык Университетинин Жарандык Активдүүлүк Борбору, "Жашыл БААУ" программасы БААУнун Жашыл клубунун ыктыярчы-студенттеринин катышуусу менен.
Кошумча маалымат алуу үчүн телефондор: +996 555 11 55 40 (чалуу жана W/A), Маргарита Лазуткина, "Жашыл БААУ" программасынын координатору, экоквесттин координатору.
Команданы төмөнкү линк аркылуу каттоого мүмкүн: https://surl.li/thwexj
Өтүнмөлөрдү берүүнүн соңку мөөнөтү – 2025-жылдын 1-октябры (саат 00:00 чейин)
Өтүнмөлөрү тандоонун жыйынтыгы 6-октябрда маалым болот.
Командаларга талаптар:
1. Команданын курамы 7-10 кишиден турушу керек (10 кишиден ашса да болот)
2. Командада жок дегенде бир мугалим /кызматкер же ата-эне болушу керек
3. Бир окуу жайдан же мектептен бир нече өтүнмө берүүгө болот.
4. Бир командададан бир гана өтүнмө кабыл алынат жана аны лидер бериши абзел!
5. Өтүнүч байланыштарыңыздын тууралыгын жакшылап текшерип коюңуздар, болбосо биз сиздер менен байланыша албай калышыбыз мүмкүн жана сиз экоквестке катышып, жеңишке жетишүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жибересиз!
"Ылга 1.0" экоквести кандай өткөн тууралуу (Күз-2024): https://www.auca.kg/ru/auca_news/6446/
2R Fest экофестивалынан видеолор. Анда жеңүүчүлөр өз жетишкендиктери тууралуу бет ачарларды жасашкан (кыш-жаз-2025): https://m.xsoft-tech.com/ru/auca_news/6626/.