БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

Мектеп окуучулары үчүн математика боюнча олимпиада

9 февраля 2026

 
 
 
Борбордук Азиядагы Америка университети жана БААУнун Инновациялык колледжи Кыргызстандын 9-10-11-класстарынын бардык кызыкдар окуучуларын жыл сайын өтүүчү математикалык олимпиадага катышууга чакырат.
 
Олимпиада 22-февралда БААУда өтөт. Башталышы 10:00дө.
 
Катышуучуларды каттоо 7-февралдан 19-февралга чейин төмөнкү шилтеме аркылуу жүргүзүлөт: https://www.auca.kg/ru/mathcontest/
 
Байгелүү орундарга илинген жана финалга өткөндөргө сыйлыктар жана эстелик белектери тапшырылат. Жеңүүчү, экинчи орундун жана үчүнчү орундун ээслери 2026-жылы БААУнун “Колдонмо математика жана информатика” адистигине окууга тапшырышса, анда билими алуу үчүн тиешелүү түрдө 100%, 90% жана 80% арзандатуулар берилет. 
 
Ал эми Инновациялык колледж 9-класстар арасында алдыңкы 3 орунду камсыздагандарга билим алуу үчүн 70%, 60% жана 50% арзандатууларды тартуулайт.
 
ОЛИМПИАДАГА КАТТОО 19-ФЕВРАЛда саат 23:59да аяктайт. 
 
Маселелердин мисалдары:
 
Математикалык Олимпиада 2024
1-турдун маселелери жооптору менен 9-класстар үчүн 2-турдун маселелери жооптору менен
10-11-класстар үчүн 2-турдун маселелери жооптору менен
            
Өз күчүңүздү сынап көрүүгө келиңиз! Сизди күтөбүз! 

 

<< Назад к списку