БААУ/ Бизди колдоңуз

Бизди колдоңуз

Why Support AUCA

Бүгүн БААУну колдоп, эртең жакшыраак дүйнөдө жашаңыз!

БААУ — Борбордук Азия аймагындагы эң мыкты университет, мунун баары БААУ коомчулугун түзгөн сиздей студенттердин, окутуучулардын, бүтүрүүчүлөрдүн жана демөөрчүлөрдүн аркасында ишке ашууда. Сиздин колдооңуз БААУнун Борбордук Азияда эң жогорку сапаттагы гуманитардык билим берүүсүн улантуусуна жана аймактын демократиялык өзгөрүшү үчүн жалындуу лидерлерди тарбиялоосуна жол ачат.

БААУга кошкон салымыңыз маанилүү жана келечектеги студенттердин, ошондой эле алардан ары да көптөгөн муундардын жашоосуна оң таасирин тийгизет. Биздин изилдөө ишмердүүлүгүбүз Борбордук Азия боюнча илимий ачылыштарды алып келсе, жарандык активдүүлүгүбүз көптөгөн адамдардын жашоосуна жана айлана-чөйрөгө оң таасир тийгизүүдө. Биздин бүтүрүүчүлөр аймактагы экономикалык өсүшкө салым кошуп, иш орундарын түзүп, инновациялык чечимдерди сунуштоо менен ийгиликтүү лидерлерге айланышууда. БААУга жардам берүү менен сиз биздин билим берүү, изилдөө жана жарандык активдүүлүк жаатындагы аракеттерибизди өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө салым кошосуз.

Биз колдоо көрсөтүп жаткан кызыктуу демилгелер жана стипендиялар тууралуу маалымат алып, аларды кантип колдоого болорун билүү үчүн бизге кошулуңуз. Толук жана маңыздуу кайрымдуулук тажрыйбасына ээ болуңуз.

Азыр Кайрымдуулук Кылыңыз

Кайрымдуулук кылуу жолдору тууралуу көбүрөөк маалыматты БУЛ ЖЕРДЕН тапсаңыз болот.

AUCA Fund

Alumni Fund